Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:37

“Мейкин Азия-2015”: жеңүүчүлөр аталды

Үч күнгө созулган эл аралык ыр сынагы ишембиде Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталды.

"Мейкин Азия" эл аралык ыр сынагынын жеңүүчүcү деп бахрейндик ырчы Натали Ал-Ганем табылды. Гран-при ээси эл аралык фестивалдын атайын кубогун жана 5 миң доллар байгени утуп алды. Ал эми 1-2-3-орундар үчүн жети катышуучу тандалып, алардын арасынан 2-орунду Кыргызстандан Адилет Азимов алса, ал эми 3-орунду Аксай Муканбет уулу ээледи. "Мейкин Азия" эл аралык ыр фестивалына 19 мамлекеттен 24 ырчы катышып, сынакта алар эне тилинде жана өз тандооcуна жараша бирден ыр ырдашты. Жеңүүчүүлөрдү жети кишиден турган эл аралык калыстар тобу аныктады. "Мейкин Азия" ушуну менен экинчи жолу өткөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG