Бул тууралуу Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мурдараак Кыргызстандын ЕАЭбге кирүүсү тууралуу келишимди Беларус парламентинин эки палатасы ратификациялаган болчу.
Беларус Кыргызстандын евразиялык интеграцияга кошулуусуна макулдугун берген үчүнчү өлкө болду. Ага чейин келишимди Армения, Орусия жана Кыргызстандын президенттери, парламенттери ратификациялашкан. Азырынча Казакстандын президенти келишимге макулдугун бере элек.
Кыргыз өкмөтү келишимдин күчүнө кирүүсү жана кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттеринин ачылуусу август айынын башында болот деп ишендирүүдө. (ZKo)