Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Сириянын өкмөттүк армиясы аскерлерге муктаж


Бул тууралуу Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад өткөн апта соңунда сыналгы аркылуу жасаган билдирүүсүндө айтып, согушту аягына чыгаруу үчүн кандай гана саясий сунуш жана диалог болбосун колдоого даярдыгын билдирди. Ал аскерлеринин аздыгынан улам бир нече райондорду оппозициячыл козголоңчулар менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна алдырып жибергенин да ачыктады. Башар Асад “оор абалга карабай бийликтер өлкөнү коргоп калууга кудурети жетерин” билдирди:

- Сөздүн ачыгында армияга аскерлер жетишпей турат. Бирок бул биздин алсызданып жатканыбыздын кабары эмес. Армия согушта жеңип чыгууга жөндөмдүү. Биздин аскерлер элди толугу менен коргоп кала алат.

Асад 25-июлда жалпы аскердик милдет жөнүндөгү мыйзамды бузгандарга мунапыс жарыялаган.

Сириянын армиясы учурда бир нече фронтто – ички исламчыл көтөрүлүшчүлөргө жана өлкөнүн ири аймактарын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларына каршы согушууда.

Жыл башында Сирия “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы АКШ баштаган коалицияга кошулбай турганын жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG