Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Бозумчак кенин иштетип жаткан компания коомдук угуу өткөрөт


Ала-Букадагы кенди иштетип жаткан “Казакмыс голд Кыргызстан” компаниясы 28-июлда аймакта коомдук угуу өткөрүп, аткарылган иштери тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди. Анын айтымында, угууга жергиликтүү элден да өкүлдөр катышат.

24-июлда Бозумчак кенине жакын жашаган жергиликтүү эл кенге кеткен жолду бууп салышкан. Жол тоскондор Бозумчак кенин иштеткен “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясы элдин талабын аткарбай жатканын айтып, 70% жергиликтүүлөрдү жумушка алууну, жолго асфальт төшөөнү, экологиялык эрежелерди сактоону талап кылышкан.

“Казакмыс Голд Кыргызстан” Ала-Бука районундагы Бозумчак кенин иштетүү максатында 2007-жылы андагы 260,4 гектар жерди өкмөттөн 19 жылга келишимдин негизинде алган. Учурда кен байлыктарын кайра иштетүүчү комбинатта 630 адам иштейт. (RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG