Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Сомалидеги жардыруудан 15 киши набыт болду


Сомали бийлигинин маалыматы боюнча “Аш-Шабааб” экстремисттик кыймылынын жанкечтиси борбор калаа Могадишодогу мейманкананын жанында бомба коюлган унааны жардырган. Маалыматтар боюнча, бул конок үйүнө чет өлкөлүк дипломаттар көп токтошчу. Мейманкана менен катар жакын жайгашкан үйлөр, дүкөндөр да талкаланган. Уранды алдында калган бир нече жергиликтүү тургун каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышкан.

Ишембиде “Аш-Шабааб” кыймылынын эки чабуулунан 6 киши өлгөн эле, алардын ичинде парламент депутаты менен жогорку кызматтагы мамлекеттик аткаминер да бар.

XS
SM
MD
LG