Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул шайлоо шайлоочулардын атайын каттоосун, идентификациясын камсыз кылган электрондук жабдуулар менен өтөт. Шайлоо процесси боюнча атайын долбоордун бюджетин Жапония каржылап жатат. Алты миллион доллардын тегерегиндеги каражат электрондук жабдуу, бармак изин алган сканер, сервердик жабдуулар, термопринтерлер, мониторлор менен камсыздоого жумшалат. Бул жолку жараян биометрикалык маалымат менен өтөт.
Гүлнара Баатырова жабдуулар 17-майда жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо сыноодон өткөрүлүп, өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөткөнүн белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев 25-июлда шайлоонун мөөнөтүн аныктаган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтө турган болду. (AzK)