“Ата Мекен” партиясы саясий күчтөрдү “Таза шайлоо үчүн” келишимине кол коюуга чакырды.
Келишимде шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө демократиялык шайлоонун норма жана принциптерин сактоо, ачыктыкка негизделген эркин, таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү жана шайлоо жараянын бардык катышуучуларына сый мамиле көрсөтүү өңдүү талаптар каралган.
Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргызстанда шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтө турган болду. Ушул тапта Борбордук шайлоо комиссиясы жоболорду иштеп чыгууда. Ага ылайык, шайлоо боюнча календардык план бекитилип, үгүт жүргүзүүнүн так мөөнөтү белгиленет.
БШКнын билдиришинче, шайлоо күнү аныкталганга чейин саясий партиялар өздөрү тууралуу маалыматтарды бере беришет. Бирок шайлоо күнү аныкталган соң саясий партиялар көрнөк-жарнактарын алыш керек. (AzK)