Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынын тургундары эже-сиңди Махира жана Махина Шариповалар бир жумадан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматтарга караганда, 20 жана 21 жаштагы бир туугандар 16-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Милиция жана анын туугандары коомчулуктан издөөгө жардам сурайт. (RsK)