Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу суроо-жооп форматында болду.
Президент ушул жылдын жыйынтыгы, ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлор, кыргыз-америка мамилелеринин азыркы абалы, кыргыз-орус мамилелеринин багыттары, региондогу геосаясий кырдаал, коррупция жана экстремизмге каршы күрөш, алдыдагы шайлоо, Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки чек ара маселелери боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өткөн бул жолугушуу эки саатка созулду. (AzK)