Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жураев: Лейлек, Кадамжайда газ түтүктөрү Тажикстанга сатылууда


Мурдагы депутат Мурат Жураевдин "Азаттыкка" билдиришинче, “Газпром Кыргызстан” ишканасынын жетекчи орун басарыТургунбек Кулмурзаев түтүктөрдү жең ичинен казып сатып жатат. "Кыргызстандын кызыкчылыгындагы газ түтүктөрүн Тажикстандын суу чарбасына колдонууга сатып жибергенин жергиликтүү эл кыжырдануу менен кабыл алып, эл өз күчү менен мыйзамсыз чыгарылып кетип жаткан газ түтүктөрүн кармап, айыл өкмөттүн имаратынын алдына алып келип коюшкан", - деди Жураев.

Былтыр да Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов Лейлек районунда совет мезгилинде курулуп, азыркы учурда пайдалануудан калган газ түтүктөрүн ошол кездеги “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев мыйзамсыз жол менен казып алып, сатууга аракет кылып жатат деп айыптаган.

Анда Кулмурзаев газ түтүктөрү керектен чыккан деп эсептелгендиктен “Газпромго” сатылбагандыгын, “Газпром” жаңы ишкана ачканча бул түтүктөрдү сатып, Казакстанга болгон 2007-жылдагы карыздан кутула берүүнү туура көрүшкөнүн билдирген. Ал өз аракетинде эч кандай мыйзам бузуу жок экенин белгилеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG