Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Даутоглу: Аба соккулары жалпы региондогу оюнду өзгөртүшү мүмкүн


Түркия. ДАИШке каршы согушту чагылдырган плакат.
Түркия. ДАИШке каршы согушту чагылдырган плакат.

Түркиянын аба күчтөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму - ДАИШ менен Күрдистан жумушчу партиясы - ПККнын аскерлеринин Сирия жана Ирактагы өңүттөрүнө сокку урду.

Аба соккулары “Сириядагы, Ирактагы жана жалпы региондогу оюнду өзгөртүшү ыктымал”, - деди премьер-министр Ахмет Даутоглу түрк гезиттеринин редакторлору менен кездешүүдө.

Hurriyet гезитинин маалымдашынча, Даутоглу башка мамлекеттер кырдаалга жараша өз позициясын карап көрүшү зарыл экенине көңүл бурган. Бирок Анкаранын Сирияга аскер киргизүү планы жок. Түрк согуштук учактары ПККнын Түндүк Ирактагы өңүттөрүнө 24-июлдан тарта сокку урууда.

XS
SM
MD
LG