Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Иран Жакынкы Чыгышты терроризмге каршы биригүүгө чакырды


Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф Кувейттин жетекчилиги менен кездешүүдө.
Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф Кувейттин жетекчилиги менен кездешүүдө.

Жакынкы Чыгыш мамлекеттери “Экстремизмге, терроризмге жана жаатташуунун коркунучуна каршы” бирдиктүү фронт түзүшү зарыл. Мындай үндөөнү Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф 26-июлда Кувейтте жасады.

"Иранга саясатын өзгөртүүнүн кереги жок, бирок региондо жаңжал жана согуш болушун күсөгөн кээ бир өлкөлөр саясатын өзгөртүшү абзел”, - деди Зариф.

Бул Зарифтин Иран алты держава менен ядролук келишим түзгөндөн бери Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө жасаган биринчи сапары. Келишим Ирандын коңшулары, өзгөчө Перс булуңундагы өлкөлөрдүн кооптонуусун күчөткөн. Алар Иранды Ирак, Сирия, Йемен жана Бахрейндеги кырдаалга кийлигишүүдө деп сындап жүрүшөт. Ирандын тышкы иштер министри Кувейттен соң Катарга, Анан Иранга барат.

XS
SM
MD
LG