Ооганстанда үйлөнүү тою учурунда болгон атышууда кеми 20 адам өлдү, 10 адам жараат алды.
Кандуу окуя 26-июлда кечинде Баглан провинциясынын Андараб районунда жергиликтүү молдонун уулунун тою кезде болду. Полициясынын башчысы Гүлистан Хасанинин айтымында, той маалында провинциалдык полициянын жетекчилеринин биринин туугандарына кол салынган. Андан улам узактан жаатташып жүргөн эки жак атыша баштаган.
Өлгөндөрдүн көбү коноктор экени расмий маалымдалды.