Ооган талиптери Бадахшан провинциясында аскердик базаны басып алышты. “Полиция үч күнгө созулган атышуудан соң Тиргарандагы базаны алдырды. 100дөн көп полициячы туткунга түштү”, - деп билдирди провинциянын губернатору Шах Вали Абедсаид 26-июлда.
Провинциалдык полициянын өкүлү Лал Мухаммед Ахмедзайдын айтымында, полициячылар талиптер менен сүйлөшүп, бардык курал-жабдыктарын өткөрүп беришкен жана талиптерге кошулууну каалабаган полициячылар койо берилген.
Талиптер “110 полициячы командири жана чек ара полициясынын башчысы менен кошо туткунга алынды”, деп билдирди. Жыл башында талиптер жергиликтүү козголоңчу топтор менен бириккенден кийин Бадахшанда кол салуулар көбөйгөн. Ооганстандын Бадахшан аймагы Тажикстан менен чектешет.