Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Евробиримдик Аскаровдун ишин иликтөөгө комиссия жиберет


Евробиримдик Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин иликтөөгө комиссия жиберет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 27-июлда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди:

- Биз бир нече жолу сунуш кылдык. АКШга да, Евробиримдикке жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө “Иликтегиле, өзүңөрдүн адистериңерди жибергиле. Биз сиздер менен чогуу Азимжан Аскаровдун ишин кайра көтөрүп чыгып, иликтөөгө даярбыз” деп айттык. Мындай чечимди Евробиримдик кабыл алган, биз азыр алардын келишин күтүп жатабыз.

Президент Атамбаев Батыштын институттары Кыргызстанда сот көз карандысыз болушу керектигин баса белгилегени менен Аскаровго чыгарылган өкүмдү өзгөртүүнү бир нече ирет талап кылышканын дагы айтып кетти. Мамлекет башчы укук коргоочуга АКШнын Мамлекеттик департаменти берген сыйлыктан улам өкмөт башчынын кабыл алган чечимин колдоого аларын белгилеп, бул сыйлыктын артында улут аралык мамилеге от жагууга багытталып жасалган чагым тургандай сезилерин айтты.

АКШ Мамлекеттик департаменти 17-июль күнү кыргызстандык укук коргоочу, июнь окуясында киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” деген сыйлык берген. Муну кыргыз өкмөтү “кызматташкан тараптардын тең укуктуулугуна шек келтирди” деп баалап, АКШ менен кызматташууну жеңилдетүү тууралуу 1993-жылы 19-майда кол коюлган келишимди денонсациялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG