Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Быйыл 4 миңден ашуун батир пайдаланууга берилди


2015-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда кабат үйлөрдөгү жалпы аянты 486,7 миң чарчы метрди түзгөн 4604 батир ээлерине пайдаланууга берилди. Бул мурунку жылга караганда 24% көп деп маалымдайт Улуттук статистикалык комитети.

Маалыматка ылайык, пайдаланууга берилген турак жай үчүн 14 млрд. 555 млн. сом инвестиция сарпталган, бул өткөн жылкы көрсөткүчтөн үч эсе көп.

Адистер Кыргызстанда турак жай курулуш тармагы каржылык каатчылыктан улам аксай баштаганын белгилешүүдө. Азырынча жаңы курулуп жаткан батирлердин баасында өзгөрүү аз. Учурда үй куруучулар батирдин 1 чарчы метрин 650 доллардан 1200-1300 долларга чейин баалашууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG