866 миллион сомдун басымдуу бөлүгү өнөр жай ишканаларга таандык. “Газпром Кыргызстан” ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров “Азаттыкка” маалымдагандай, мамлекеттен каржыланган ишканалардын жалпы карызы 255 миллион сомго жетти.
- "Электр станциялары” ачык акционердик коому 220 млн. сом карыз, Бишкек жылуулук, Токмок жылуулук жана ВДНХ биригип 35 млн. сом карыз болду.
Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев өткөн аптада өкмөттүк жыйында былтыркы кышкы жылытуу сезондо Ош жана Бишкек ТЭЦтеринин "Газпромго" карызы 405 млн. сомго жеткенин билдирген.
“Кыргызгазды” “Газпромго” карызы менен кошо 1 долларга сатуу боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2014-жылы күчүнө кирген. "Кыргызгазды" 40 млн. долларлык карызы менен чогуу алган "Газпром" 100 миллиард рублдин тегерегинде каражат инвестиция салууну убада кылган.(ZKo)