Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Баткенде биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо сыналууда


Бүгүн Баткендин үч районунда биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоону тестирлөө жүрүп жатат. Учурда 15 айыл өкмөтүндө уюштурулган сыноочу шайлоодо биометрикалык маалыматтарды пайдалануу текшерилүүдө. Ар бир айылдан 100дөй шайлоочу чакырылган. Сыноочу шайлоо учурунда чет жерде, Орусияда жүрүп, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын маалыматтары көрүнбөй калууда.

Адистер парламенттик шайлоодо мүчүлүштүктөргө жол бербөө үчүн тестирлөө шайлоосу уюштурулганын белгилеп, мындай жараян бул аптанын аягына чейин бардык айыл өкмөттөрүндө өткөрүлөрүн билдирип жатышат. Ар бир айыл өкмөттө төрттөн шайлоо участкасы иштеп, аларда үчтөн адис жаңы жабдууларды сыноодон өткөрүшөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG