Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Бозумчак кенин иштеткен компания коомдук угуу өткөрдү


Ала-Букадагы кенди иштетип жаткан “Казакмыс голд Кыргызстан” компаниясы бүгүн өткөргөн коомдук угууга 400гө жакын киши катышты. Алар компанияга койгон беш талап кантип аткарыларына кызыгышты. Компаниянын жетекчилигинин билдиришинче, ушул жылдын август айынан тарта комбинат ишке кирсе, жыл сайын түшкөн кирешенин 2 пайызы Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна которулуп турат. Бул болсо жылына 1 миллион доллар каражат дегенди түшүндүрөт. Буга байланыштуу эл талап койгон 12 км жолго асфальт төшөө иштери 2016-жылдан башталат. Жыл сайын 2 км жол оңдолуп турат. Облустук бийлик өкүлдөрү райондук акимиатка быйыл жолдун долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Коомдук угууда компания ушул тапта комбинатта 730 киши иштей турганын, анын 98% Кыргызстандын жарандары экендигин белгилеп, керек болсо муну жергиликтүү эл комиссия түзүп текшерсе болорун айтты.

Экологиялык зыянды текшерүү үчүн атайын дарыгерлер чакырылып, эртең элди текшере турган болушту.

Жергиликтүүлөрдүн айрымдары бул чогулушта айтылган убадалардын ишке ашуусунан күмөн санашарын, эгер иш жылбаса кайра жол тосуларын айтып жатышат. (AzK\RsK)

XS
SM
MD
LG