Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Чолпон-Атанын жээктерин иретке келтирүү тапшырылды


Шаардык кеңештин депутаттары Чолпон-Атанын шаардык, ошондой эле пансионаттарга тиешелүү бардык пляждарын тез арада иретке келтирүүнү тапшырды.

Депутат Тилек Мааткеримова жээктер таштандыдан тазаланбай, көлгө 20 метр жакын жерлерге боз үйлөр тигилип, анда тамак жасагандар санитардык нормаларды сактабай жатканын сынга алды.

Мындан сырткары жашылдандыруу зоналарында массалык түрдө соода-сатык түйүндөрү жайгашып, эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратып жатканы белгиленди. Депутаттар шаардык бийлик калаадагы жээктердин бардыгын ижарага берерин, алардан түшкөн каражаттардын так саны болбогонун, айрымдары менен келишим да түзүлбөгөнүн сындашууда. Жыйында шаардык кеңеш муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн буга чейинки ишин канааттандырарлык эмес деп таап, иретке келтирүүгө бир жума убакыт чектеди.

Чолпон-Атада учурда муниципалдык менчикке тиешелүү алты пляж иштейт.(Asa)

XS
SM
MD
LG