Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

ӨКМ жарандарды өрт коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат


Ысык-Ата райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы, подполковник Бакыт Молдоисаев түшүм жыйноо учуру жакындап калгандыктан жарандарды айдоо талааларында өрт коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат.

30-июнда Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында 20 гектар буудай айдалса, анын 1,5 гектар буудайы тамекинин айынан күйүп кеткен. "Тилсиз жоо" өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен токтотулуп, 18,5 гектар буудай сакталып калган.

"Эгин бышып, аны жыйноо маалында талааларга жооптуу адамдарды коюп, айыл чарба техникаларын да өрт чыгып кетпей тургандай даярдап, суу толтурулган техника да эгин талаасында болушу шарт", - дейт адис.

Эреже боюнча эгин талаасы унаа же поезд жолдон 4 метр алыстыкта болуп, эгер техникадан өрт чыкса эгинге жетпеш керек. Талаада түшүм жыйноо убагында же ысыкта жумушчуларга тамеки чегүүгө, өрт чыгаруучу ар кандай каражаттарды колдонууга тыюу салынат. Комбайн, трактор жана автоунаалар талаага өрт өчүрүүчү курал менен кириш керек, техникалардан өрттүн учкундары учпаганын да дыкат текшерүү зарыл. (AzK)

XS
SM
MD
LG