Сеул дем алуучу органдарды жабыркаткан МЕРС вирусу өлкөдө толук жок кылынганын билдирди. Премьер-министр элди кооптонбостон, жай турмушка кайтууга чакырды.
Вирус эң алгач катталган майдын ортосунан бери ага чалдыккандардын саны 186га жетип, 35 киши көз жумган. Вирус катталгандан бери Түштүк Коеряга каттаган туристтердин саны 40 пайызга төмөндөдү.
Учурда Британияда МЕРС вирусуна шектелген эки адам текшерүүдөн өтүп жатат. Бул илдеттен адамдын дем алуу органдары жабыркайт. Буга чейин вирус адамга жукпайт деп айтылып келгени менен соңку кабарлар бышыктагандай, ал өзгөрүп, тез жайылышы мүмкүн. Коркунучтуу вирус Жакынкы Чыгыштан тараган жана ал төөдөн жуккан болушу мүмкүн. (ErN)