Бул тууралуу “Азаттыкка” Крым татарларынын курултайынын БШК башчысы Заир Смедляев билдирди. Анын айтымында, активисттер бийлик тарабынан кармоолор болорунан да шектенип жаткандыктан, алдын ала видеокайрылуу жасап, аны Конгресстин катышуучуларына жиберишкен.
Азырынча кайрылуунун мазмуну ачыктала элек. Маалым болгондой, 28-июлда Орусиянын Крымдагы тергөө комитети крым татарларынын курултайынын БШК башчысы Заир Смедляев менен межилистин төрагасы Нариман Желалдын апта соңунда Анкарада өтчү Дүйнөлүк конгресске катышуусуна тыюу салып, аймактан чыкпоону талап кылган. Аларды Москвадан келген тергөөчүлөр суракка алып, “26-февралдагы иш” боюнча 1-августта сурак бергени чакырган.
Бүткүл дүйнөлүк крым татарларынын экинчи конгресси 1-2-августта Түркиянын борбору Анкарада өтөт.