Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

Бийлик түзүмүндөгү коррупциялык схемалар тууралуу маалымат берилет


“Акыйкаттык” аттуу коррупцияга каршы кыймылдын мүчөлөрү бүгүн Бишкекте бийликтеги коррупциялык схемаларды ачыкташмакчы. Уюштуруучулардын айтымында, “Вечерний Бишкек” басма үйүндө өтө турган маалымат жыйынында бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу фактылар да чыгарылмакчы.

Өткөн жумада Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев коррупциялык ишке айыпталып, түрмөдө отурган Нариман Түлеевдин кызынан 300 миң доллар пара талап кылган деген шек менен камакка алынып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG