Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Орусияда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат


Буга тууралуу мыйзамга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 28-июлда кол койду. Ага ылайык, Орусияда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу быйыл 15-апрелде Москвада кол коюлган кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишим күчүнө кирди.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган болчу.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 600 миң чамалуу. Алар бир нече жылдан бери социалдык, укуктук көйгөйлөрүн чечүү үчүн Орусияда кыргыз өкмөтүнүн өкүлчүлүгү ачылуусун талап кылып келишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG