Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
28-июлда жыйналган биометрикалык маалыматтардын негизинде сыноочу шайлоо башталган. Ар бир айылдан 100дөн шайлоочу чакырылып, колдун мөөрү текшерилип, тизмеден аныкталган.
Жаңы демилгенин бир аз кемчиликтери да байкалды. Уюштуруулар шайлоого чейин кемчиликтерди четтетүүгө жакшы шарт түзүлгөнүн белгилешүүдө. Ушул жума аягына чейин облус аймагындагы ар бир айыл аймагынан төрттөн шайлоо участкаларында ушундай сыноочу шайлоолор өткөрүлөт. (JsA)