Маалыматтарга караганда, кыргыз жаранынын өлүмү боюнча текшерүү иштерин Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча тергөө башкармалыгы өткөрүүдө. Кыргыз мигранты бактын алдына далдоого туруп, чөнтөк телефон менен сүйлөшүп жатканда чагылган урган.
Каза тапкан жаран 38 жаштагы Дильшод Айдаров экени аныкталды. Бул окуя боюнча Кыргызстандын консулдары тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. (AzK)