Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Оксана Малеваная боюнча кылмыш иши сотко келе элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын 28-июлда берген маалыматы чындыкка дал келбейт. Анткени ушул тапта Октябрь райондук сотунун кеңсесинен Малеванаяга байланыштуу кылмыш иши сотко келбегенин билдиришкен.

28-июлда Башкы прокуратура Президенттик катчылыктын мурдагы башчысы Оксана Малеваная боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, ушул тапта Октябрь райондук сотунун кароосунда жатканын кабарлаган.

Аталган кылмыш иши “Учкун” ачык акционердик коомунун имаратынын 15-16-кабаттарын мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы боюнча козголгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG