УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, видео кайрылууну Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 29 жаштагы тургуну жасаган. Ал бир жыл мурун бала-бакырасы менен Кыргызстандан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жүргөн.
УКМК азырынча бул адамдын аты-жөнү айтылбастыгын, анын азыркы дарегин, көздөгөн максатын, видео кайда тартылгандыгын тактоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
25-июлда YouTube сайтында тогуз мүнөттүк видео кайрылуу чыккан. Анда белгисиз адам кыргыз тилинде кыргызстандыктарды "Ислам мамлекети" радикал тобуна кошулууга үндөйт. (AzK)