Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Ошто куралдуу кылмыштуу топ кармалды


Ош шаардык ИИБнин маалымат катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиришинче, төрт адамдан турган топту тинткен учурда алардын жанынан кара бет каптар, Макаров үлгүсүндөгү бир тапанча, беш даана кол кап, бычак жана кол кишендер табылган.

Топтун ичинде Алай районунда социалдык кызматкерди тоноп, 400 миң сомду карактоо боюнча издөөдө жүргөн жаран да бар болуп чыккан.

Иликтөө учурунда топтун мүчөлөрү мурда 2-3 ирет соттолуп, абакта жатып таанышкандыгы аныкталган. Алар Ош шаарында жеке ишкерлерди жана акча алмаштыруучу жайларды тоноону пландап жүргөнү маалым болду. Учурда кармалгандар мыйзамсыз курал сактоо боюнча айыпталып, Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Талап-тоноочулук боюнча кылмыш иш козголду. (YI)

XS
SM
MD
LG