Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Ош: 137 көп кабаттуу үй жылуулукка туташа элек

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу билдирди. Вице-мэрдин айтымында, ал үйлөрдүн баары кышка чейин Борбордук жылуулук түйүнүнө туташтырылат. Ага керектүү 83 млн. сом каражат республикалык бюджеттен 5 жылдык ссуда тартибинде чечилди.

Өткөн жылы Ошто борбордук жылуулук түйүнүнөн ажырап калган 52 көп кабаттуу үй жана 27 көп кабаттуу үй-бүлөлүк жатаканалар кайра кошулган болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG