Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:07

Кабул талиптердин лидери Мухаммед Омор өлгөнүн тастыктады


Талиптердин лидери Молдо Мухаммед Омор
Талиптердин лидери Молдо Мухаммед Омор

Молдо Омор 2013-жылы эле өлгөнүн Ооганстандын Улуттук коопсуздук кызматынын атын атабоону сураган өкүлү 29-июлда “Азаттык” радиосуна ырастады. Бирок Ооган ТВсынын 1-каналы өкмөттүк булактарга шилтеп, Молдо Омор өлтүрүлгөнүн, ооган тарапка мындай маалыматты Пакистан өкмөтү бергенин кабарлады. Буга чейин да Молдо Омор өлдү деп бир нече жолу кабарланган. Бирок мындай кабарды ооган өкмөтүндөгү ырасмий булактар 29-июлда биринчи ирет тастыкташты.

Өткөн жумада талиптердин тынчтык сүйлөшүүсүн жактабаган бучкагы-Фидай Махаз да Молдо Омор өлгөнүн, анын ордун Молдо Актар Мухаммед Мансур ээлегенин билдирген.

XS
SM
MD
LG