Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

Дэвид Кэмерон Евротуннелдин Франция тарабындагы жагдайга тынчсызданды

Евротуннелдин терминалына ийгиликтүү өткөн мигранттар Британияга кетчү поезддерге жабышканы баратышат. Фретен шаары, 28-июль 2015
Евротуннелдин терминалына ийгиликтүү өткөн мигранттар Британияга кетчү поезддерге жабышканы баратышат. Фретен шаары, 28-июль 2015

Британ өкмөт башчысы Сингапурда сүйлөп, Лондон мыйзамсыз мигранттарды келтирбеш үчүн Париж менен жигердүү иштешип жатканын айтты:

- Каледеги маселе өтө тынчсыздандырат. Биз француздар менен колмо-кол иштешүүдөбүз. Биз Калени айланта курчаганга акча бердик. Биз Калеге ныпталаш Кокель шаарындагы туннелдин босогосун да айланта тосуп жатабыз.

Июндан бери эле туннель аркылуу Каледен Британияга өтмөк болгон 9 мигрант өлдү. Кечээ түнү 2 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант Евротуннелге киргенге аракет кылышты.

Каленин четинде 5 миңдей мигрант (көбү Африка, Жакынкы Чыгыш жана Ооганстандан) конуш жасап алышкан жана поездге же кемеге жабышып, Британиянын жээгине жетүүнү каалашат.

XS
SM
MD
LG