Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

УОК: Коррупцияга шектелген аткаминерлер жоопко тартылсын


Улуттук оппозциялык кыймыл мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Анда оппозициялык кыймыл мамлекет башчы айланасындагы коррупцияга шектелген аткаминерлерди тезинен кызматтан кетирип, жоопко тартууну талап кылган. Булардын ичинде экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2010-11-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекцияны жетектеп турганда бир топ мыйзамсыз иштерге жол бергенин Эсеп палатасы аныктап, мындан мамлекеттик казынага 6 млрд. сом зыян келген деп чечкени белгиленет. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектеген "Градиент" фирмасы соңку үч жылда 110 мамлекеттик тендерди утуп алганын депутаттык комиссия аныктаганы белгиленип, "депутаттар аны да жоопко тартууну талап кылышканына президент көз жумуп келатат" деп айтылат.

Ушундан улам Улуттук оппозициялык кыймыл президент Атамбаевден коррупцияга шектелген Ж.Сатыбалдиев, Т.Сарпашев, экс-энергетика министри О.Артыкбаев, жакында Түлеевдин кызынан пара алууга катыштыгы бар деп коомчулукта айтылып жаткан депутат Ч.Турсунбеков, Жогорку Соттун төрага орун басары К.Турганбековдун ишмердүүлүгүн бейтарап иликтеп, аларды кылмыш жообуна тартууну талап кылган. Кайрылуу ээлери президент аларды калкалап, жоопко тартпаса, анда коррупциялык иштердин башында өлкө башчысы өзү турат деп түшүнөрүн жана оппозициялык кыймыл анын отставкасын талап кыла баштарын билдиришкен.

Өткөн жумада Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев коррупция боюнча айыпталып, түрмөгө камалган Нариман Түлеевдин кызынан пара талап кылган деген шек менен кармалып, эки айга камакка алынган. Президент Алмазбек Атамбаев буга байланыштуу коррупцияга катыштыгы бар кандай гана кызматкер болбосун, тийиштүү жазасын алат деп билдирген болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG