Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Ала-Тоо конушунда мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлөт


Ала-Тоо жаңы конушундагы борбордук көчө жаңыланып, кеңейтилип курулуп жатканына байланыштуу ага тоскоол болгон жеке курулуштар бүгүн сүрдүрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментинин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Сагындык уулу Азамат билдирди. Анын айтымында, борбордук көчөгө жанаша жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар да курулуп жатат. Ошондуктан өзүнө тиешелүү мыйзамдуу участогунан тышкары, жол жакка чыгарылып салынган курулуштар: гараж, сарай, убактылуу жашоочу үйлөр сүрдүрүлөт.

Ала-Тоо жаңы конушуна жаңыланып салынып жаткан жолдун узундугу эки чакырым. Жаңы жол заманбап, четинде бетон арыктары менен курулуп, көчөлөр жарыктандырылат.

Айрымдар тургундар Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштарда тиешелүү участокторунан сыртка чыгып, жолго жана башка максатта калтырылган аймактарды ээлеп алган. Шаардык мэрия өткөн жылы да мындай мыйзамсыз курулуштарды сүрдүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG