Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Бахадыр Сулейманов дунгандарды кыргыз тилин үйрөнүүгө үндөдү


Токмок шаардык мэрияда кыргыз-дунган жаштарынын мушташына байланыштуу жыйын өтүп жатат. Ага күч органдарынын өкүлдөрү, дин ишмерлери жаштар, аксакалдар, дунган диаспорасынын өкүлдөрү катышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандагы дунгандар диаспорасынын башчысы Бахадыр Сулейманов дунган улутуна карата айтылып жаткан айрым дооматтар жүйөлүү болгонун билдирди.

Депутат мечиттерде бөлүнүү бар экенин, дунган жаштары тартипсиз жорук-жосундарга барып жатканын белгилеп, улут аралык жаңжалды алдын алууга, чатакты козутпоого чакырды. Сулайманов интеграциялануу үчүн кыргыз тилин үйрөнүү зарыл экенине токтолду. (EBM)

XS
SM
MD
LG