“Жаңы муун” кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков Кыргызстанда системалык өзгөрүү жүрбөй, криминал, коррупция өнүгүп баратканын белгилеп, мындай шартта көз карашы төп келген партия менен кызматташуу чечимине келгендерин билдирди.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да шайлоо алдында көз карашы бир күчтөр биригүүсү зарылдыгын белгиледи.
Меморандумга кол коюуга журналисттер киргизилген жок. Текебаевдин айтымында, меморандумга ачык кол коюу БШК жарыялаган үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөтү тууралуу жобого туура келбей калат.
“Жаңы муун” кыймылы азыркы бийликке оппозициялык маанайда. “Ата Мекен” партиясы болсо учурда парламенттеги башкаруучу коалициянын мүчөсү. Башында Өмүрбек Текебаев турган бул партия жакында “Улуттар биримдиги” саясий партиясы менен кызматташарын жарыялаган. (AzK/SDz)