Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Абдували Акжоловдун туугандары митингге чыгышты


ИИМдин отставкадагы полковниги, баңгизаты менен кармалган Абдували Акжоловдун тарапкерлери бүгүн Ак үйдүн алдына чыгып, президентке кайрылуу жолдошту. Анын бир тууган агасы Маматжан Акжолов “Азаттыкка” иниси куугунтукталып жатканын билдирип, анын ден соолугунун начардыгына карабай абакта отурушуна нааразы экендигин билдирүүдө.

Полковниктин жакындары Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын (ГСКН) кызматкерлери Акжоловду ур-тепкиге алып, кылмышын мойнуна алдырышканын айтып келишет.

Ал эми Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматы Акжолов 3-4-июлга караган түнү 12 кило гашиш менен кармалганын, кармоо учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн күч колдонууга аргасыз болгонун, кармагандан кийин андан 8 огу менен тапанча да чыкканын билдиришкен.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча айыпталууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG