Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

АКШнын Улуттук пресс-клубу Хадижа Исмаиловага сыйлык тапшырды


Азербайжанда түрмөдө жаткан журналист Хадижа Исмаиловага “Сөз эркиндиги үчүн” деп аталган эң жогорку сыйлыгын АКШнын Улуттук пресс-клубу 29-июлда тапшырды. Сыйлыкты Исмаилованын атынан редактор Ненад Пейч алды.

Камактагы Исмаиловага ушул жылдын мартында ПЕН борборунун сөз эркиндиги боюнча сыйлыгы ыйгарылган.

Жети айдан бери абакта отурган Хадижа Исмаиловага жалган жалаа жапкан, салыктан качкан, мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн жана өз кызматынан кыянат пайдаланган деген айыптар тагылууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, Исмаилова 19 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар менен Исмаилованын жакындары журналистке тагылган айыптар саясий өңүттө экенин, президент Илхам Алиев менен анын үй-бүлөсү аралашкан коррупциялык иштерди ачканы үчүн ушундай куугунтукка туш болгонун айтууда.

Исмаилова камакка алынгандан көп өтпөй 26-декабрда Азербайжандын Башкы прокуратурасы “Азаттыктын” Баку бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, радионун документтери, компьютерлердин дисктери жана башка техникалык жабдыктар конфискацияланган. Башкы прокуратуранын кызматкерлери бул тинтүү өлкөдө сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюмдарды текшерүүнүн алкагында жүргөнүн айтып тим болгон. Акыркы жолу 24-июлдагы соттук процесс 7-августка жылдырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG