Малайзиялык учактын кыйрашы боюнча БУУда трибунал түзүү резолюциясына Орусиянын вето койгонун Австралия менен Нидерландия кескин сынга алды.
Нидерландия премьер министри Мар Рютте “Орусия эл аралык стандартка дал келген сотто жооп берүүдөн качты” деп сынга алды. Австралия өкмөтү Тони Эббот Орусиянын ветосун “кыжыр келтирээрлик” деп атап, “Москва муну менен учакта кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөсүн сыйлабастыгын жана окуяга күнөөлүүлөр жазага тартылуусун каалабастыгын көргөздү” деди.
Орусия 2014-жылы Донецкте учактын кулашына Киевди айыптап, бул ишти эл аралык сотто кароого вето койгон. 29-июлда орус президенти Владимир Путин “Боинг” учагынын кыйрашына байланыштуу трибунал түзүү боюнча Улуттар уюмунун резолюциясына каршы чыккан эле.
Нидерландиялык тергөөчүлөрдүн иликтөө докладында маалым болгондой, лайнер Орусиядан Украина аймагына алынып келинген «Бук» ракетасы менен атылган. Учактагы 298 кишинин баары өлгөн. Ал Донецк жана Луганск аймактарын ээлеп турган орусиячыл жикчилдер тарабынан атылган деп болжолдонууда. Тергөө жыйынтыгы ушул жылдын аягында толугу менен жарыяланат. (ErN)