Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Тажик жарандары 13 тонна алюминий менен колго түштү

Кыргызстандын Чек ара кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, Баткен облусунун Жаштык калктуу конушуна жакын жерде бүгүн Тажикстандын үч жараны кыргыз-тажик чек арасынан 13 тонна алюминий металын Кыргызстан тарапка алып өтүүгө аракет кылышкан.

Аткезчилик жолу менен ташылган алюминийдин баасы 1 миллион сом деп бааланууда. Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалгандар жүгү менен Бажы кызматына өткөрүлүп берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG