Кытай жана Түркия терроризмге каршы биргелешкен күрөштү бекемдөөнү чечти. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигин өкүлү Чжан Мин эки өлкө президенттеринин Бээжиндеги жолугушуусунан кийин бейшембиде билдирди.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Бээжинге 29-июлда эки күндүк расмий сапар менен барган. Кытай лидери Си Цзин Пин менен жолугушууда өкмөттөр аралык үч макулдашууга кол коюлду. Алардын экөө инвестицияларды коргоо, ал эми үчүнчүсү соода-экономикалык кызматташуу боюнча узак мөөнөттүү келишим.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү жакында эле аныкталган Таиланддагы каучук талааларында кул катары иштеп жаткан уйгурлар боюнча суроого жооп берип жатып, Анкара жана Бээжин “мыйзамсыз адам аткезчилиги боюнча эл аралык күрөштү күчөтүүсу керек” деген пикирге келгенин кошумчалады.
Он күн мурда Таиланд 100гө чукул уйгурду Кытайга күч менен депортациялаган. Бул кадам Түркиядагы уйгурлардын нааразылыгын жаратып, алар Стамбулдагы тай элчилигине чабуул
жасап, терезелерин сындырып салышкан.
Кытайдагы уйгурлар Таиланда жана башка Чыгыш Азия өлкөлөрү аркылуу Түркияга чыгып кеткенге аракет кылышат. (ErN)