Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаев каза болду


Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн түшкү саат экиде Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон өтүп бараткан актерду машине коюп кеткен. Ал 4-травматологиялык ооруканада көз жумду. Кырсыкка себепчи “Опель Зафира” үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы ээси учурда тергөөчүлөргө сурак берүүдө.

Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Мукамбет Токтобаев "Фудзиямадагы кадыр түн", "Чиркин өмүр", "Айыл өкмөтү", "Сокур кемпир көрөгөч". "Президент менен бомж" ж.б. тасмаларга тартылып, Ош, "Тунгуч" драма театрларында жана Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында иштеген. Ал 68 жашта болчу. (AzK)

Мукамбет Токтобаев: Кээде ырчы болбогонума өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:51 0:00

XS
SM
MD
LG