Июнь окуясынын жабырлануучуларынан ашып калган 590 батир Ош шаарындагы мамлекеттик мекеме кызматкерлерине ипотекалык шарт менен таратылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов билдирди. Анын айтымында, батирлерди ипотекалык шарт менен мамлекеттик мекеме кызматкерлерлерине тараткандан түшкөн каражаттын эсебинен Турак жай куруу фонду түзүлөт. Ал фонд аркылуу шаардын турак жай маселеси бара-бара чечилет.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан 1392 батир курулган. Анын ичинен коогалаңдын жабырлануучуларына 607 батир, милиция кызматкерлерине 150 батир, азиздерге 45 батир бөлүштүрүп берилген. Учурда дагы 590 батир бош турат. (YI)