Ички иштер министри Мелис Турганбаев Жерүй алтын кениндеги абал менен таанышуу үчүн бүгүн Талас облусуна жөнөп кетти.
Жакында Ички иштер министрлигинин жарым жылдык иш жыйынтыгын чыгарган коллегияда премьер-министр Темир Сариев Жерүй маселеси боюнча тартип коргоо кызматкерлери кендин ишине элди каршы тукуруп жаткандарды таап, жазалашы керектигин айткан. Ал "кандайдыр бир топту алдыга салып коюп, артында телефондон көрсөтмө берип, “дирижер” болуп тургандарды токтотуп, мыйзамсыз иш-аракеттери болсо жазага тартууну" тапшырган.
21-июлда Талас облусунун Бекмолдо айылында Жерүй кенин иштетүүгө каршы жыйын өткөн. Анда Жерүйдү иштетпөөнү, мөңгүлөрдү бузбоону, экологияны сактоону талап кылышкан. (EBM)