Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Соң-Көлдө "Манас" маданият жана туризм фестивалы өтөт

Соң-Көл жайлоосунда эртең өтө турган фестивалда улуттук ат оюндары жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, "Ак Мөөр", "Соң-Көл периси" деген аталыштагы сулуулар сынактары уюштурулат.

Фестивал улуттук каада-салтты даңазалоо менен туризмди өнүктүрүү, чет өлкөлүк туристтерди тартуу менен региондун экономикасын өнүктүрүү, Соң-Көл жайлоосун туристтик аймакка айландыруу максатын көздөйт.

Иш-чаранын алкагында "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу максатында манасчылар арасында таймаш болот. Фестивалга чет жактан коноктор да келери күтүлүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG