Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда билдирди. Министрдин айтымында, институттар жабылган соң жогорку окуу жайлар 1-сентябрга чейин кайрадан катталыш керек.
Мындан тышкары министр жалпы республикалык тестирлөөдө бирдиктүү 110 баллдык босогонун киргизилиши абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлин жогорулатканын, муну менен окуу жайларда бюджеттик орунга өткөндөрдүн саны былтыркыга салыштарымалуу 30 пайызга өскөнүн билдирди.
Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы, аларды ичинде сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Мындан тышкары 110го жакын ЖОЖдун филиалдары жана институттар ачылган. (AzK)