Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

Жалал-Абадда орозодо чогулган 500 миң сом муктаждарга таратылды

Облустук казыят Рамазан айында чогулган садака акчага бүгүн колу жука адамдарга азык-түлүк таратты. Бул тууралуу “Азаттыкка” казыяттын фатва бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев билдирди.

Шаардагы 60 үй-бүлөгө 1500 сомдук тамак-аш берилсе, буга чейин 100 адамга 400 миң сомдук азык-түлүк таратылган. Жороев жакында казыятка жардам сурап кайрылган дагы 80 адамга жардам берилерин билдирди.

Бул каражат Жалал-Абад шаарындагы 31 мечитте Рамазан айында чогулган акчанын 15% түзөт. Калганы медреселерге жана муфтиятка которулат. (RsK)

XS
SM
MD
LG