Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Ысык-Көл: адал пляж

Ысык-Көлдө быйылкы сезондо адал стандартындагы беш пляж иштеп жатат. Анын экөө кичи эс алуу жайлары менен болсо, үчөө жөн гана акы төлөнүүчү пляждар.

Адал пансионаттардын өзгөчөлүгү - азырынча алар жээктерди гана аялдар жана эркектер үчүн бөлүп коюшкан. Эс алуу жайларынын ээлери адал стандарттарынын талабын толук кандуу аткарууга азырынча мүмкүнчүлүк боло электигин айтышууда. Мындай эс алуу жайларына азырынча талаптын аз болгонуна байланыштуу айрым учурларда башка дагы туристтер кабыл алынууда. Туристтик компаниялар адал стандарттагы пансионаттарды көбүнесе Египет, Кувейт, Сауд Аравиядан келген туристтерге сунушташууда.

XS
SM
MD
LG