Эл аралык олимпиада комитети Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында бүгүн 2022-жылы Кышкы олимп оюндары өтчү шаарды аныктап, Бээжин шаарын тандады. Кышкы оюндарды өткөрүү үчүн эки шаар - Кытайдын Бээжини менен Казакстандын Алматысы ат салышты.
Бул эки шаар Европанын төрт шаары, анын ичинде Осло менен Стокгольм саясий жана финансылык себептерден улам өз талапкерлигин чакырып алган соң негизги талапкер болуп калган. Куала-Лумпурга казак делегациясын баштап барган Казакстандын премьер-министри Карим Масимов ЭОКту "тарыхый чечим кабыл алуу менен Алматыны тандоого" чакырды. Ал Алматы чыныгы кары менен 30 чакырымдай созулган аянтты ээлеген тоолору бар шаар экенин да айтты.
Кытай делегациясы болсо Бээжин олимп оюндарын өткөрүүдө тажйрыбайсы бардыгын айтып, бардык милдеттемелерди аткарарын билдирди. Ошондой эле баш калаа менен оюн өтчү жерлерди байланыштырган тез жүрүүчү поезддер үчүн темир жолдорду курарын сунуштады. Бээжинде 2008-жылы жайкы олимп оюндары өткөн эле.